«Бизде мактанчаактык эволюциянын туу чокусунда». Кыргызстандын жашоосу жөнүндө сатиралык клип

Сатирик жана алып баруучу Нияз Абазганов Кыргызстандын жашоосу тууралуу тамашалуу музыкалык клип чыгарган, анда ал өлкө жашоочуларынын өзгөчөлүктөрү менен адаттарын мыскылдаган.

Абазганов видео тасманы 10-августта жарыялаган, бир күн ичинде ал миңден ашуун жолу көрүлгөн. Видеонун авторлору Кыргызстандагы жашоонун өзгөчөлүктөрү болгон тойлорду, ырым-жырымдарды, кечигүүлөрдү жана коррупцияны мыскылга алышкан.

«Биз кыргыздар жөнөкөй эл эмеспиз. Биздин максат болгон акчаны тойго кетирүү. Эгерде акча жок болсо анда үйдө омлет бар. Эгерде акча болсо, анда дароо банкет. Эгерде акча түгөнсө банктагы таанышыма кредит алууга барам», — деп ырдайт Абазганов видео тасмада.

Сатирик Kloop.kgнин кабарчысына клипти «мыскылдаш» үчүн жана «коомдун кемчиликтерин» көрсөтүү максатында достору менен тартканын билдирди. Анын айтымында, алар тасманын жаралышына 10 миң сом жана эки күн убакыт коротушкан.

«Акча курулай эле тойлорго кетип, ал эми башка нерселер үчүн акча жетпей калганы менен курсакты гана ойлогондук шылдыңга алынган. абдан жөнөкөй эле кемчиликтер. Жашоодо бары тең эле бул нерсени кездештирет. Маршруттук таксилердин айдоочулары туура эмес айдашат. Бардык укуктардан четтешет. Кыскача айтканда бардык жашырруун болуп жаткан нерселер. Бардыгын ар бир адам жолуктурат. Бул тамаша. Мыскыл тамаша», — деди тасманын автору.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: