Видео: Патрулдук милиционерлер активисттерден «качып кетишти»

Активист Болот Ибрагимов Бишкекте патрулдук милиционерлер сиренасын күйгүзбөстөн жолдун кесилишинде кызматтык унаасы менен токтоп турганын видеого тартып чыгарган. Тартип сакчылары эреже бузуп жатканын активисттер айткандан кийин инспекторлор шашылып кетип калышкан. Патрулдук милициядагылар эгерде эреже бузуу факты далилденсе, аларга сөгүш жарыялана турганын билдиришти.

Активист Ибрагимовдун машинасын патрулдук милициянын кызматкери Асанбай кичирайонунда токтоткон. Видеого тартып атышканын көргөн милиционер активисттердин суроосуна жооп бербей эле шашылыш түрдө кетип калган.

Ибрагимов Kloop.kgнин кабарчысына курган маегинде айткандай, патрулдук милиционер жана анын кесиптеши кызматтык машинасын жолдун кесилишине токтотуу менен жол эрежесин бузушкан.

Андан соң активисттер машинада отурган дагы бир инспекторго кайрылышкан. Биринчи инспектор кайда качып кетти деген суроого ал «стоянкага кетти» деп жооп берген.

Активисттер инспектор өзү «уят болуп калбашы үчүн» эреже бузуп жатканы тууралуу протокол түзүүнү айтышкан. Инспектор жооп катары активисттерге «жумушуна тоскоолдук кылбашын» айтып, машинасын айдап кетип калган.

«Инспекторлор өздөрү туруп алышып, жол кыймыл эрежесин бузуп жатышат. Бизди көрөр замат качып кетишти. Эмне үчүн биз эреже бузсак протокол түзүшөт да, ал эми өздөрү бузуп жатышканда? Дагы канча чыдаш керек?» — деп суроо салат активисттерди бири.

Бишкек патрулдук милициясынын өкүлү Максат Чакчагаев Kloop.kgнин кабарчысына айткандай, күбөлөр арыз жазып калтыргандан кийин гана бул факт боюнча текшерүү иштери башталат.

«Эгерде арыз жазышса, текшерүү жүргүзүлөт. Эгерде кызматкерлердин күнөөсү далилденсе, анда аларга сөгүш жарыяланып, эскертүү берилет», — деди Чакчагаев.


ТЕМА БОЮНЧА: