Милиция кайгуулчунун аракетин текшерет

Кайгуул милициясы жарандык активист Болот Ибрагимовго катуу сөз айткан милиционерге карата ички иликтөө ишин баштады.

Кайгуул милициясынын басма сөз борборунун кызматкери Таалай Бугубаев Kloop.kgге кабарлагандай, Ибрагимовдун арызы менен кызматтык иликтөө иши башталат.

«Эгерде милиционердин күнөөсү, башкача айтканда, орой мамилеси далилденсе, анда ал дисциплинардык жаза алат», — деди Бугубаев.

Только что меня обматерил сотрудник ПМ.Если они не удалят видео, сотрудники ОВР ГУВД произведут выемку записи и факт подтвердится.Манас Ашубаев - напарник этого инспектора. Все слышал и отказался подтвердить. А три года назад приходил ко мне и просил удалить ролик с твоим участием. Говорил, что ты из СПЕЦНАЗА и у вас не принято позориться. Я удалил ролик с твоим нарушением, пошел на встречу. Но сегодня ты показал себя. Твой ролик я опубликую обратно.Скоро загружу полную версию ролика.

Posted by Болот Ибрагимов on Monday, June 12, 2017

Анын айтымында, бул маселе этика боюнча комиссиянын отурумунда каралып, ал жерге жаңжалга катышкан эки тарап тең чакырылат.

Ибрагимов Kloop.kgге айтып бергендей, 12-июнда Айтматов проспектинде ал кайгуул милиция кызматкери туура эмес жерден өтүп баратканда аны коюп кете жаздаган.

«Мен ага эскертүү берсем, ал мага уят сөздөрдү айтты. Мен дароо тоткоп, түшүндүрүп бериши үчүн ошол инспекторго бардым. Биз кол берип саламдаштык, ал менин колумду коё бербей кыса баштады. Качан мен колумду тартып алайын деп атканда, ал колумду кайра тартып алып, мени түртө баштады», — деди активист.

Ибрагимов окуяны телефонго тарта баштаган, милиционер болсо ага тоскоолдук кылууга аракеттенген. Андан кийин милицинер өнөктөшү менен кетип калышкан.

Ошол эле күнү Ибрагимов милицияга арыз жазып, кайгуулчунун көкүрөгүндөгү камера жазып алган видеону көрсөтүшүн талап кылган.

Заявление написано на имя начальника ГУВД г. Бишкек. Объяснительная с подробным описанием произошедшего в кадр не вмещае...

Posted by Болот Ибрагимов on Monday, June 12, 2017

Ибрагимовдун оюнча, камера өчүк болгон, бул түздөн-түз мыйзам бузуу болуп эсептелет.

«Бирок эгерде видео бар болсо жана аны өчүрүп салышпаса, окуя тартылып алынган толук видеону көрсөтө алам. Анда кайгуулчу мени кантип сөккөнү көрүнүп турат», — деди ал.