ЖМК: Бабанов менен Төрөбаев президенттик шайлоодо биригүүнү сүйлөшүп жатышат

«Азаттык» үналгысы билдиргендей, президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоодо биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бирок азырынча саясатчылардын шайлоо алдындагы штабдарынан расмий билдирүүлөр чыга элек.

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, саясатчылар эгерде Бабанов президент болуп шайланса Төрөбаев премьер-министрдин кызматын аркалай тургандыктарын келишишкен.

Ошондой эле басылма талапкерлер биригүү туурасында 17-сентябрда Жалал-Абадда жарыя кылышаарын жазган.

Бабанов менен Төрөбаевдин шайлоо алдындагы штабдарынан Kloop.kgнин кабарчысына 15-сентябрда пресс-релиз жарыялана турганын билдиришип, бул маалыматка комментарий берүүдөн баш тартышты.

Учурда Өмүрбек Бабанов шайлоодо бийликчил КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы деп эсептелүүдө. Бабанов «Республика — Ата Журт» партиясынын башчысы болгонуна карабастан президенттикке өзүн-өзү көрсөткөн талапкер болуп чыгууда.

Ал эми Төрөбаев өзүнүн «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын атынан талапкер болуп чыкты. Буга чейин Төрөбаев саясатчылар Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров менен «Кайра Жаралуу» бирдиктүү партиясынын алдында бириккен болчу.

Саясатчылар президенттикке бирдиктүү талапкерди чыгара тургандыктарын билдиришкен. Бирок бул нерсени ишке ашыруу мүмкүн болбоду, анткени Ташиев Жээнбековдун талапкерлигин колдоп чыккан, ал эми Төрөбаев партиянын атынан президенттикке бирдиктүү талапкер болуп чыгышы керек болгонун айткан. Натыйжада жаңы түптөлгөн «Кайра Жаралуу» партиясы таркатылган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда бул кызмат үчүн 13 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: