Төрөбаев КТРКдан теледебаттарга кошууну талап кылды, мурдараак ал өзү андан баш тарткан

Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев КТРКдан аны теледебаттарга кошууну талап кылды, бирок мурдаарак ал өзү дебатка катышуудан баш тарткан. Телеканал Төрөбаевдин талабын аткаруудан баш тартты.

Төрөбаевдин штабынын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясына ага теледебаттарга катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүк камсыздап берүү талабы менен кайрылды.

«Соңку бир нече күндө шайлоого байланыштуу бир нече чуулгандуу окуялар болуп кеткендигине жана КТРК оппозициялык талапкерлерди маскаралоо үчүн жарыячыга айланып калгандыгына байланыштуу, мен түз теледебаттарда чыгып, өзүмдүн шайлоочуларыма болуп жаткан окуялардын чын төгүн жеткирүүнү көздөйм», — деп билдирди Төрөбаев.

Бирок Коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТРК) башчысы Илим Карыпбеков өзүнүн фэйсбук барагында телеканал Төрөбаевге мындай мүмкүнчүлүк бере албасын жазган.

«Урматтуу талапкерлер! Суранам туура түшүнгүлө, телеканалдын эфири — машина эмес. Кааласаң токтотуп, кааласаң айдап кеткидей. Тилекке каршы, бардыгын даярдоого мүмкүн эмес. Өтө аз убакыт калды», — деп жазган Карыпбеков.

Боршайком Төрөбаевге эфирдик убакыт бөлүп берүү маселесин карап көрүүнү убада кылды.

«Бул талапкердин кепилдиктүү укугу экенин эске алуу менен баш тартуу мүмкүн эмес. БШК бул маселени жөнгө салууда, ошондуктан биз бул маселени карап чыгып, талапкердин укугун бузбаш үчүн өз убагында чечим чыгарышыбыз керек», — деди БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова.

Төрөбаев мыйзам боюнча 15 мүнөттүк акысыз берилген эфирден жана КТРКнын 15-сентябрда өтө турган президенттикке талапкерлердин теледебаттарына катышуудан баш тарткан.

Ал КТРК анын «беделин» каралоодо деп эсептеген. Төрөбаевдин айтымында, КТРК менен кызматташуунун «мааниси жок», анткени телеканал «көз карандысыз болууга жөндөмсүз». Саясатчы бардык талапкерлерлерди, активисттерди жана коомдук ишмерлерди «КТРКны бойкот кылууга» чакырган.    

«Чагымчыл сюжет»

Төрөбаев КТРКнын түзүмүнө кирген «Ала-Тоо 24» маалыматтык телеканалынын эфиринде саясатчынын штабы тарабынан шайлоочуларды сатып алуу жөнүндө сюжет көрсөтүлгөндөн кийин телеканал менен кызматташуудан баш тарткан.

«Төрөбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алып жатат» деген аталыштагы сюжетте Төрөбаевдин ыктымал өкүлү акча берип, жарандардын жеке маалыматтарын билүүнү аракет кылып жатканы көрсөтүлгөн.

Төрөбаевдин штабынан билдиришкендей, видео чындыкка коошпойт жана ал «чагым үчүн жалган адамдардын катышуусу менен» тартылган. Саясатчынын штабынын өкүлдөрүнүн пикиринде, «чагымчыл сюжеттин» чыгарылышы Төрөбаевдин ар-намысына шек келтирет.

Төрөбаев шайлоодо КТРКны аккредитациядан ажыратууну талап кылган. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкердин арызын карап чыгууну убада кылган

Бакыт Төрөбаев — Кыргызстанда президенттик кызматка талапкерлердин бири. Ал 2017-жылдын 17-сентябрында башка президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен бириккен.

Бабанов бийликчил президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болуп эсептелет.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого 12 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: