Өкмөт чек арада калган ишкерлер үчүн салык мөөнөтүн жылдырып берет

Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасында такалып калган ишкерлер үчүн социалдык, салык жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөттөрдүн убактысын жылдыра турган токтомго кол койду.

Экономика министри Артем Новиковдун айтымында, чек арадагы кырдаалдан жабыркаган ишкерлерлерге салык төлөө боюнча жеңилдетүүлөр берилет. Ошондой эле, аларга убагында төлөнбөй калган салыктар үчүн штраф менен үстөк төлөмдөр кошулбайт.

Анын айтымында, учурдагы чек арадагы кырдаалды «алдын ала байкап жана болтурбай коё тургандай жагдай эмес» деп тааныш керек. Ал билдиргендей, ишкерлер чек арада бир сутка турушу менен 23 миң долларга чейин каражат жоготушууда.

«Жардам көрсөтүлө турган ишкерлерди аныктоо боюнча тез арада критерийлерди иштеп чыгуучу комиссия түзүлөт», — деди Новиков.

Премьер-министр социалдык, салык жана бажы төлөмдөрүнүн мөөнөттөрүн жылдыруу боюнча токтомго кол койду. Министрлер кабинетинин башчысы билдиргендей, чек арадагы жүктүү унаалардын көйгөйүн чече турган жол картаны Казакстандын бийиги менен кол коюу мүмкүн болгон эмес.

«Мен ишкерлер дароо эле жеңилдиктер менен төлөмдөрдүн мөөнөттөрүнүн жылдыруусуна ээ боло албай турушканын белгилегим келет. [...] Өкмөт ишкерлер үчүн кабатыр болуп жатышканын билиши үчүн бардыгын кыска убакытта аткарганга аракет жасайбыз», — деди Исаков.

Дипломатиялык араздашуу

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда мугалимдердин алдында сүйлөп жатып Казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптаган.

Ошондон кийин Казакстандын чек арачылары 10-октябрда жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин күчөткөн — өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр көбөйүп, авто тыгындар пайда боло баштаган.

Мындай кырдаал 18-октябрга чейин сакталып турган — эки мамлекеттин өкмөтү жарандар менен бош унаалардын чек арадан өтүүсүн жеңилдетүүнү келишишкен.

Учурда эң башкы көйгөй — чек арадан жүктүү фуралардын казак чек арачылары тарабына жай өткөрүлүүсүндө. «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекетинде дагы деле 400 жүктүү унаа турат.


ТЕМА БОЮНЧА: