Казакстандын бийлиги кыргыз жүк ташуучулары тарабынан 300дөн ашык эреже бузууларды аныктаган

Казакстандын Инвестиция министрлиги билдиргендей, кыргыз жүк ташуучулары 300дөн ашык эреже бузушкан. Эң эле көп кездешкен эреже бузуулар тез бузулуучу жүктөрдү ташуудагы сертификаттардын жоктугу болгон.

Аталган мекеменин кызматкерлери 10-октябрдан баштап 30-октябрга чейин Кыргызстандын 3054 машинасын текшеришкен.

Жалпысынан алар Кыргызстандын жүк ташуучулары тарабынан болгон 360 эреже бузууну аныкташкан. Штрафтын жалпы өлчөмү 11,8 млн теңгени түзгөн (бул 357 миң долларга жакын акча).

Эң эле көп кездешкен эреже бузуулар тез бузулуучу жүктөрдү ташуудагы сертификаттардын жоктугу болгон — бул 151 эреже бузуу.

Ошондой эле 103 айдоочуга товардык-транспорттук коштомо кагазы жоктугу үчүн штраф салынды, ал эми 69 айдоочуга салмак тышөлчөм көрсөткүчтөрү сакталбаганы үчүн штраф салынган.

Башка штрафтардын даражаларына кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин бузулушу кирет, транзиттик өтүүгө уруксаат-кагазынын жоктугу жана башкалар.


ТЕМА БОЮНЧА: