Бийлик жардам көрсөтүү үчүн чек арада такалып калган жүк ташыгычтарды каттоого ала баштады

Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-казак чек арасында такалып калган ишкерлерди каттай баштады, алардын чыгымдары эсептелип, жардам көрсөтүлмөкчү. Буга чейин бийликтегилер жабыркаган ишкерлер үчүн салык төлөмдөрүнүн убакыттары жылдырылаарын билдиришкен.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан улам жабыркаган Ишкерлердин зыяндарын баалоо боюнча комитеттин алгачкы жыйыны болуп өттү. Комитетке маморгандардын жетекчилери, ишкерлер-ассоциациясынын өкүлдөрү жана көзкарандысыз баалоочулар кирген.

Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов Ички иштер министрлигине жана Траспорт министрлигине кыргыз-казак чек арасынын жанындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде турган бардык жүктүү унааларды катоого алууну тапшырды.

Ал эми чек арада токтоп турган транспортторду күн сайын каттоодон өткөрүү механизмин иштеп чыгуу менен Экономика министрлиги алектенет.

Мурдараак 30-октябрда премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасында такалып калган ишкерлер үчүн социалдык, салык жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча мөөнөттөрдүн убактысын жылдыра турган токтомго кол койгон.

Экономика министри Артем Новиков билдиргендей, учурдагы чек арадагы кырдаалды «алдын ала байкап жана болтурбай коё тургандай жагдай эмес» деп тааныш керек.

Анын айтымында, ишкерлер чек арада бир сутка турушу менен 23 миң долларга чейин каражат жоготушууда. Мындан тышкары, алар чек арадан 5-6 сутка аралыгында өтүшүүдө деп кошумчалап, бул убакыт аралыгында жалпы чыгым 180 миң долларга жетүүдө деп билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: