Кыргыз ишкерлери чыгымдарды толтуруу үчүн ЕАЭБдин сотуна кайрылганы жатышат

Кыргызстандын ишкерлери кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалдан улам тартып аткан чыгымдардын ордун толтурууу үчүн Евразия экономикалык биримдигинин сотуна кайрылышмакчы.

Кыргызстандын улуттук ишкерлер клубу Казакстан менен чектеш чек арада жабыркаган ишкерлердин чыгымдарын толтуруу үчүн чара көрүү долбоорун иштеп чыккан.

Резолюцияга ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды мониторинг кылуу боюнча көз карандысыз комиссия түзүү максатында Евразия экономикалык биримдигинин соту менен Евразия экономикалык комиссиясына кайрылуу үчүн документтер даярдалат.

Ошондой эле, ишкерлер өкмөткө 20-ноябрга чейин зыян тарткан ишкерлердин чыгымдарын баалай турган биргелешкен жумушчу топту түзүүнү сунушташууда.

Мындан тышкары, аталган топ жабыркаган ишкерлерди айрым бир учурларга чейин салык, каржы жана башка милдеттенмелерден бошотуу боюнча долбоорлордун токтомун иштеп чыгышы керек.

Азырынча өкмөт жабыркаган ишкерлер үчүн болгону социалдык, салык жана бажы төлөмдөрүнүн төлөө мөөнөттөрүн жылдырып бере тургандыгын билдирген. Бирок азырынча бул жеңилдетүүлөр качан күчүнө кире тургандыгы белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: