Атамбаев журналисттерди «элди дүрбөтпөөгө» чакырды

Президент Алмазбек Атамбаев журналисттери Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктап, аларды «жалган маалымат таратпоого» жана «коомчулукту дүрбөтпөөгө» чакырды.

Атамбаев Маалымат жана басма сөз күнүндө билдиргендей, Кыргызстанда ар бир жаран «өз пикирин эркин билдирип, окуяларга баа бере алат».

Бирок Атамбаевдин айтымында, маалымат булактарынын көбөйүшү «жоопкерчиликсиздикти» жаратып, ЖМКлар адамдардын ар-намысына, беделине, ишкердик беделине тийиштүү жалган маалыматтарды тарката баштаган.

«Андан да жаманы мамлекетибиздин, мамлекеттик органдардын ишмердигине жана келечегине шек келтирген, көө жапкан далилсиз материалдарды окууга мажбурбуз», — деди Атамбаев.

Президент журналисттерди кесипти «кыянаттык түрдө» колдонбоого, ашыкча «коомчулукту дүрбөтпөөгө, жетишсиз негиздер менен адамдарга айып тагып, алардын беделин кемсинтпөөгө» чакырды.

«Журналистика бир гана далилдүү фактыларга таянууга тийиш. Ошондой эле атайылап коомду козутууну максат кылбаш керектиги кесиптик этикада баса белгиленген. Журналисттин сөзү курч, бирок далилдүү болушу абзел», — деп билдирди Атамбаев.


ТЕМА БОЮНЧА: