Милиция ортон кол көрсөткөн «Тойотанын» (чыныгы) айдоочусун кармады

Кармалган айдоочу шашып баратканына байланыштуу жолдун каршы тилкесине чыкканын билдирди. Ошондой эле, ал кылган иштерине өкүнгөнүн айтты. Милиция жол кыймыл эрежесин бузган айдоочуга карата административдик токтом түзүп, үйүнө коё берди.

Милициянын кызматкерлери караңгылатылган «Тойота Лэнд Крузер» машинасынын айдоочусун колго түшүрдү. Ал жол кыймыл эрежесин бузуу менен башка бир айдоочуга ортоңку бармагын көрсөткөн. Кармалган Урмат Токтоназаров болуп чыкты.

Жигит күнөөсүн мойнуна алып, эреже бузгандыгын «жолугушууга шашып бараткандыгы» менен байланыштырды.

«Мерседес менин жолумду торогонуна байланыштуу мен атайын сигналды күйгүзүп, аны сөгүп кирдим. Жолдун каршы тилкесине чыгып кеткенимди жана жол кыймыл эрежесин бузганымды мойнума алам», — деди айдоочу.

Патрулдук милициянын басма сөз кызматынын башчысы Таалайбек Бугубаев «Клооптун» журналистине билдиргендей, Токтоназаровго карата административдик токтом түзүлүп, Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

«Сот ишти эң жогорку оордуктагы берене боюнча карайт, болжол менен беш миң сомду түзөт», — деди патрулдук милициянын басма сөз кызматынын башчысы Таалайбек Бугубаев.

Мурдагы президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов 28-ноябрда видео чыгарган. Анда караңгылатылган «Тойота Лэнд Крузер Прадо» жолдун каршы тилкесинде келатканын көрүүгө болот.

Анда алдын тоскон унааны айланып өткөн Жиптин айдоочусу берки автоунаага карай ортон колун көрсөткөн.

Ошол күнү кечинде милиция автоунааны кармаган жана анын рулундагы айдоочу өзү унааны башкарып, жол эрежесин бузгандыгын айткан. Ал Абай Асанбеков аттуу жаран болуп чыккан. Кийинчерээк Асанбеков видеодогу айдоочунун иниси экендиги белгилүү болгон.

Тартип бузуучу тууралуу маалымат тарагандан кийин жол активисти Болот Ибраимов кармалган жаран видеодогу адам эмес экендигин айткан. Жыйынтыгында милиция өз айыбын моюнга алган.


ТЕМА БОЮНЧА: