Ооганстандан памирлик кыргыздардын экинчи делегациясы келди

Ооганстандан Кыргызстанга Чоң жана Кичи Памирдин беш тургуну келди. Алар 2017-жылдын октябрында өздөрүнүн Нарынга көчүрүлгөн туугандары менен учурашуу үчүн келишти.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 1-декабрда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Ооганстандан келген кыргыздардын экинчи делегациясы менен жолугушкан.

Аларды Нарындагы жатаканага жайгаштырышкан, мындан тышкары, кыргыз өкмөтү Кыргызстанга келген памирликтерге паспорт берилиши үчүн Ооганстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Ооганстандын аймагында жашаган памирлик кыргыздар өз балдарын Мамлекеттик миграция кызматы менен Ооганстандын Бадахшан элетинин администрациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө түзүлгөн меморандумга ылайык Кыргызстанга окууга жөнөтө алышкан.

Ооганстандан памирлик кыргыздардын биринчи делегациясы Кыргызстанга 2017-жылдын октябрь айынын ортосунда келген. Билим берүү үчүн Нарынга алты үй-бүлө көчүрүлгөн — жалпы 33 адам, алардын ичинен 16сы 6 жаштан 17 жашка чейинки балдар менен өспүрүмдөр.

Аларды Нарынга көчүрүшүп, медициналык кароодон өткөрүшкөн — памирликтердин төртөөсүндө жүрөк кемтиги дарты аныкталган.

Кийинчерээк коноктордун саны көбөйгөн — келгендердин бирөөсү Кыргызстанда көз жарган. Ошол кезде президенттик кызматты аркалап турган мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев анын үй-бүлөсүнө эмеректери жана техникасы бар турак жай белек кылып, ымыркайга президенттин ысымы берилген.

Өкмөт памирлик кыргыздар үчүн турмуш-тиричилик техникасы менен кийим-кечектерди сатып алууга дээрлик миллион сом бөлгөн.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.

Кыргызстанда памирликтердин тарыхый мекенине кайтуусу боюнча маселе бир нече жолу көтөрүлгөн, бирок ошол бойдон чечилбей калган. Кыргызстан жыл сайын Памир тоолорунда жашаган кыргыздар үчүн гуманитардык жардам жеткирген экспедицияны жөнөтүп турат. Учурда Памирде 2000 миңден ашык этникалык кыргыз жашайт.


ТЕМА БОЮНЧА: