Саакашвилини тарапташтары күч органдарынан бошотушту

Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвилинин тарапташтары аны Украинанын коопсуздук кызматынын кичи автобусунан бошотушту. Эртең менен күч органдары аны тинтүү учурунда өзүнүн Киевдеги батиринен кармашкан. «Кылмыштуу уюмга көмөктөшүү» үчүн саясатчыга каршы кылмыш иши козголгон.

Маалымат саат 18:37де жаңыртылды.

Саакашвилинин тарапташтары аны Украинанын коопсуздук кызматынын кичи автобусунан эшикти тээп кирип бошотушкан. Ошондон кийин саясатчы жарандарды тынчтык митинги менен майданга чыгууга үндөгөн.

«Бардык киевдиктерди көчөгөгө чыгып, Майданга чогулуп, Украинаны Порошенко менен анын бандасынан бошотуу процессин баштоого чакырам», — деген Саакашвили.

Украинанын коопсуздук кызматы Саакашвилини 5-декабрда анын батири жайгашкан үйдүн чатырынан кармаган. Саакашвили тарапташтары менен кичи автобустун ичинде бир нече саатка курчоого алынып, алар авто унаага кетүүгө тоскоол болушкан.

Башкы прокуратура ага каршы «кылмыштуу уюмдарын катышуучуларына көмөктөшүү жана алардын кылмыштуу ишмердиктерин жаап-жашыруу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Берене үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын шарттайт.

Саясатчынын адвокаты Павел Богомазов журналисттерге билдиргендей, Саакашвилини Украинанын конституциялык түзүлүшүн кулатуу аракетине айыпташууда.

Украинанын коопсуздук кызматы менен башкы прокуратура Саакашвилинин батирин 5-декабрда тинтип башташкан. Тинтүү учурунда Саакашвили өзүнүн батири жайгашкан үйдүн чатырына чыгып кетип, укриналыктарды көчөлөргө чыгып, каршылык көрсөтүүгө чакырган.

Саакашвили 2004-2013-жылдар аралыгында Грузиянын президенти болгон, бирок өзүнө карата иликтөөлөр башталганда өлкөдөн качкан. Кийинчерээк ал Украинанын жарандыгын алып, Одесса облусунун губернатору болуп калган.

Губернаторлук кызматта Саакашвили алгач жергиликтүү андан соң Украинанын борбордук бийлиги жана президент Петр Порошенко менен араздаша баштаган. Ал аларды коррупция боюнча айыптапоого алган.

Саясатчыны губернаторлук кызматтан алышып, андан соң Украинанын жарандыгынан ажыратышкан. Ал эми Саакашвили бир нече жолу «өзүнүн Украинага кайтуу укугу үчүн күрөшө тургандыгын» билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: