Антонина Шевченко БАЭде өткөн эрежесиз эр мушташ боюнча турнирде жеңишке жетишти

Антонина Шевченко ММА Phoenix Fighting Championship 4 боюнча турнирде жеңишке жетишти. Кыргызстандык мушкерге франциялык спортчу Валери Домерг атаандаш болгон.

Үч айлампанын жыйынтыгы боюнча, Франциядан келген Валери Домергге каршы мушташта судьялар бирдиктүү чечим чыгарып, жеңишти Антонина Шевченкого беришкен.

Эл аралык ММА Phoenix Fighting Championship 4 боюнча турнир Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмирлиги) Дүйнөлүк соода борборунда өткөн.

Шевченколордун улуусу үчүн — бул таймаш эрежесиз эр урушуна кайтып келгенден кийинки экинчи турнир болуп калды. Ошондой эле, кыргызстандык мушкер сентябрда Лондондо өткөн Phoenix 3 турнириндеги таймашта дагы жеңиш менен кайткан.

Сүрөт: Твиттер

Антонина Шевченко ММА спорт түрүнө 2005-жылы эле аттанган, бирок андан кийин тыныгуу алып, муай-тай спортуна көңүлүн бура баштаган. Кыргызстандык тай боксу боюнча эки жолу дүйнө чемпиону атыккан.

Бул жылы Шевченко 12 жылдык тыныгуудан кийин эрежесиз эр мушташка кайтып келүүнү чечкен. Кичүү сиңдиси Валентинанын Аманда Нунеске каршы мушташынын алдында курган маегинде Антонина акыр-аягы UFCге чыгууну каалай тургандыгын айткан.

Жалпысынан эрежесиз эр уруш боюнча беттештерде Шевченколордун улуусу Антонина 7 таймаш өткөрүп, бардыгынан жеңишке жетишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: