Самарагейт-2, 2-бөлүм. «Самара» менен мамлекеттик сатып алуулар сайтынын коду бирдей болгон

Дарья Удалованын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

«Клооп» жеке менчик «Самара» сайты Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) серверинде жайгашканына далилдерди жарыялоону улантат. Иликтөөнүн экинчи эпизодунун экинчи бөлүмүндө samara.kg менен бир нече мамлекеттик сайттардын бирдей кодго ээ болгону, ал коддун мамлекеттик «Инфоком» ишканасы адатта пайдаланган колдонмодо жазылганы жөнүндө сөз болот.

Мазмуну:

I бөлүм. Шашылыш түрдө калтырылган издер

II бөлүм. «Самара» менен мамлекеттик сайттардагы бирдей коддор

III бөлүм. Жаңы скриншоттор менен жаңы көрсөтмөлөр (26-декабрда чыгат)

IV бөлүм. Интернет легендасы Qurium уюмунун жүйөсүн колдоду (27-декабрда чыгат)

V бөлүм. Эмне үчүн «Самарага» бир киши жоопкер боло албайт? (28-декабрда чыгат)

II бөлүм. «Самара» менен мамлекеттик сатып алуулар сайтынын коду бирдей болгон

Бул бөлүм эмне туурасында? «Самара» менен бир нече мамлекеттик сайттар бирдей кодго ээ. Ал код МККнын алдындагы «Инфоком» ишканасы адатта пайдаланган JSF2 платформасында жазылган.

Qurium уюмунун санарип криминалисттери «Самара» Java Server Faces 2 (JSF2) программалык платформасынын негизинде түзүлгөнүнө көңүл бурушкан.

Адистер миңдеген кыргыз сайттарын скандап чыгып, талдоонун натыйжасында .kg домендик зонасындагы 17 сайт JSF2 платформасында жазылганын аныкташкан — анын ичинен 16сы мамлекеттик болгон.

Ал мындайча:

JSF2 платформасындагы 17 кыргыз сайтынын 14ү МККнын өзүнө таандык;

Дагы 2 сайт Каржы министрлигине таандык (мамлекеттик сатып алуулар сайты менен стимулдаштыруу гранттар сайты);

JSF2 платформасында түзүлгөн 1 эле кыргыз сайты мамлекет менен байланышы жок  — ал Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университетинин сайты.

Ал эми окуу жайдын сайты менен мамсатып алуулар сайты Азамат Тургунбаев тарабынан жазылган. Тургунбаев учурда МККнын алдындагы «Инфоком» ишканасында программист болуп иштейт. Мурда ал Каржы министрлигинин алдындагы «Инфосистемада» иштеген.

Qurium уюму мамсатып алуулар сайтынын баштапкы булак кодун талдап чыгып, аны samara.kg сайтындагы код менен салыштырып көрдү. Булак код аябагандай окшош болуп чыккандыктан мамсатып алуулар сайтынын кодунун жардамы менен «Самарага» кирүү барагынын түп нускасын калыбына келтирүүгө мүмкүн болду. Ал эми «Самара» ошол убакта иштебей жаткан болчу.

Samara.kg сайтына кирүү барагы Гуглдын кэшинде ушинтип сакталып калган (archive.is сервисинин жардамы менен аныкталды), 13-октябрдагы снэпшот.

Suppermario12нин видеосунда кирүү барагы ушундай (солдо) көрүнүп турган, ал эми мамсатып алуулар сайтынын коду менен калыбына келтирилгенден кийин ушундай (оңдо) көрүнгөн.

Тургунбаев JSF2 платформасына адистешкенин жана «Инфосистемада» иштеп жүргөн кезде мамсатып алуулар сайтынын кодун чын эле жазганын «Клооптун» журналистине ырастады.

«Ал жакта өтө көп адам бар эле, төрт-беш программист ишке тартылган. […] Мен дагы катышкам, бирок аягына чейин эмес. Баштапкы баскычында эле», — деди ал.

Аталган программалык тилде жазган адистер Кыргызстанда сейрек кездешээри тууралуу журналисттин айткандары менен ал макул болду.

Бирок ал «Самарага» кандайдыр бир тийешеси бар экенин четке кагып, IVM деген эмне экенинен кабары жок. IVM деп «Самаранын» кожоюндары системаны өз ара атап алышкан болчу.

«IVM системасына менин эч кандай тийешем жок. Анын бар экенин Kloop.kg сайтына чыккан силердин макалаңардан эле окудум. […] Анын иштелип чыгып атканы жөнүндө уккан эмесмин», — деп ишендирди программист.

«Инфокомдун» дагы бир программисти Азамат Мендековдун айтуусунда, Кыргызстанда JSF2 платформасында иштеген адистер өтө сейрек кездешет жана алардын ишканасында андай программисттерден экөө гана.

МКК «Клооптун» журналисттерине берген расмий жообунда аларда JSF2 платформасына адистешкен эки эле кызматкер иштээрин, ал эми МККда болгону алты иштеп чыгуучу программист бар экенин ырастады.

Мындан улам Кыргызстанда МККдан башка эч ким иш жүзүндө JSF2 платформасын пайдаланбасын эске алуу керек. Ал эми бул система жогорку квалификациядагы программисттерди талап кылат.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы мамлекеттик түзүмдөр менен байланышы жок жана JSF2 платформасына адистешкен программисттерди табуу аракетинен майнап чыккан жок.

Кийинки бөлүм 26-декабрда чыгат. Анда «Клооптун» журналисттеринин samara.kg сайтынын жаңы скриншотторун алганы, «Самаранын» колдонуучуларынын браузерлеринин тарыхын изилдегени жана президенттик шайлоо учурунда Жээнбековдун штабында иштеген үгүтчүлөрдөн мурдагыдан дагы көбүрөөк көрсөтмө алганы туурасында баяндалат.