217 млн сомду уурдоо иши боюнча салык кызматынын орун басары кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) салык кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Кумашовду коррупция боюнча шектеп кармады. Анын кармалышы 800 млн сом өлчөмүндө Кошумча нарк салыгын (КНС) кайтарып берүү иши менен байланыштуу.

Кумашов 2-апрелде кармалган — ал 217 млн сом өлчөмүндө КНСти мыйзамсыз кайтаруу боюнча коррупцияга шектелүүдө. Ага каршы иш — 800 млн сом өлчөмүндө ири иштин бир бөлүгү. Учурда салык кызматынын башчысынын орун басары УКМКнын тергөө абагында.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына боюнча, Кумашов «Интеррустрейд» жана «Полларис» компанияларына 217 млн сомду мыйзамсыз кайтарып берүүгө шектелүүдө.

Март айынын башында УКМК шектүүлөрдүн жетөөсүн кармаган, алар салык кызматынын беш кызматкери жана компаниялардын эки кызматкери.

УКМКнын маалыматына ылайык, УКМКнын маалыматына ылайык, жеке компаниялар товарларды киргизүүдөгү КНС боюнча отчетторду аффирленген жактарга катташкан, ал эми алар өз кезегинде салыкты жеке төлөмдөрү катары чагылдырышкан. Бул «төлөмдөр» кийинчерээк өлкөнүн бюджетинен кайтарылып турган.

«Бул схема боюнча, айрым юридикалык тараптар Кытай Эл Респуликасынан товарды импорттоодо келип чыккан кошумча нарк салыгын (КНС) ашыкча төлөп алгандыгы боюнча жалган отчетторду салык органдарына берип турушкан», — деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.

Марттын аягында башкы прокуратура жана финансы полициясы мамбюджеттен КНСти кайтаруу боюнча коррупциялык схеманын бетин ачышкан — өкмөттүк комиссия компанияларга эки жылдын ичинде 800 млн сомдон ашуун каражатты кайтарып берген.

«Комиссия 2016-жылдан 2018-жылдын январь айына дейре көзкөрүнө жасалма документтерди колдонуу жана жасалмалоо жолу менен товарлардын жалган экспорту үчүн кошумча нарк салыгын кайтарып берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен ордун толтуруп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алган», — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

Аталган комиссиянын төрагасы экономика министринин орун басары болсо, ага финансы министринин орун басары, Мамлекеттик  салык кызматынын төрагасынын орун басары, борбордук казыналык бөлүмүнүн жетекчиси, бажы кызматынын жана финансы полициясынын кызматкерлери мүчөлүк кылышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: