Алматыда кармалган кыргыз депутаты мандаттан ажыратылды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан ажыратты. Буга чейин БШКга анын кыргыз жана казак жарандыгы бар экендиги жөнүндө кабар түшкөн.

БШКнын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, 16-апрелде комиссиянын мүчөлөрү Асылбек уулун депутаттык мандаттан ажыратууну чечишкен. БШК азырынча парламентке анын ордуна ким келе турганын чече элек.

«Бул маселени карай элекпиз. Азыр жыйын жүрүп атат. Ал бүткөндөн кийин белгилүү болот», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Казакстандын атайын кызматы 15-февралдан 16-февралга караган түнү аткезчиликке шектелгендерди колго түшүрүү боюнча атайын операция жүргүзүшкөн. Алардын арасында парламенттин депутаты Дамирбек Асылбек уулу жана үч кыргызстандык бар экени аныкталган. Бир аптадан кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Асылбек уулунда казак жарндыгы бар экенин маалымдаган.

Мындан тышкары, Казакстандын Ички иштер министрлиги да кыргыз депутатында казак жарандыг бар экенин билдирген. Аталган мекеменин маалыматы боюнча, Асылбек уулу Жамбыл облусунда туулуп, туулгандыгы жөнүндө казак күбөлүгү менен паспорт алган.

Бирок кармалган депутаттын атасы Асылбек Супатаев анын баласы Кыргызстанда туулганын жана анда казак жараныгы жок экенин айтып чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА: