Милиция бөлүмүндөгү Бурулайдын өлүмү: Беш милиционер кызматтан алынды

Иллюстративдүү сүрөт. Табылды Кадырбеков/Sputnik

Ала качуунун курмандыгына айланган кыздын Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталышы Чүй ИИБинин начальнигинин, анын эки орун басарынын жана райондук милициянын башчысынын ээлеген кызматтарынан бошотулушуна алып келди. 28-майда эркек киши РИИБдин имаратынын ичинде ала качууга аракет кылган кызды бычактап, натыйжада кыз каза тапкан.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жайыл РИИБдеги кыздын өлүмүнөн кийин беш милиционер кызматынан бошотулган. Ал эми ээлеген кызматтарынан сегиз адам түшүрүлгөн.

Алардын арасында, Чүй ИИБдин начальниги Нурлан Сарчаев, анын эки орун басары жана Жайыл РИИБдин начальниги бар.

Алардын тышкары, ээлеген кызматтарынан Жайыл РИИБдин начальнигинин орун басары жана тергөөчүсү, убактылуу изоляторлорлорду жетектөө боюнча начальниктин орун басары, жол көзөмөлү боюнча бөлүмдүн начальниги жана ЖКККББнын нөөмөтчү инспектору кеткен.

Милициянын дагы үч кызматкери катаал сөгүш алып, ал эми укук коргоо кызматкерлеринин жетөөсүнө алардын кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө тартиптик жазасы жарыяланды — алар бир жыл ичинде кызматтарынан төмөндөө же бошотулуу коркунучунда болушат.

Милиция бөлүмүндөгү өлүм

Милиция 28-майда адам уурдоо жөнүндө келип түшкөн маалыматтан кийин Сосновка айлынын постунда эки эркек киши менен бир кызды кармап, Жайыл РИИБине жеткирген.

Милиционерлер кармалагандар боюнча документтерди тариздеп жатканда, кыз жарандарды кабыл алуу бөлмөсүндө болгон. Кызды ала качууга аракет кылган киши ал жерге кирип барып, эшикти бекитип алып, кызга бир нече жолу бычак шилтеген, андан соң өзүнө да бычак сайган.

Кыз алган жараттарынан улам жандандыруу бөлүмүндө көз жумуп, ал эми ала качкан балага операция жасалган. Кармалгандардын экинчиси Жайыл районунун тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилген.

Кызга бычак сайган балага «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш козголгон. Милиция кызматтык иликтөө баштап, ал эми райондук прокуратура өз милдеттерине шалаакылык мамиле жасаган милиционерлерге кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: