Кылмыш иштеринен улам КНСти кайтаруу боюнча мамкомиссия таркатылат

Иллюстративдик сүрөт. Табылды Кадырбеков/Sputnik

Экономика министри Олег Панкратов билдиргендей, комиссия Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр иштей баштаган соң таркатылат. Министрлик түшүндүргөндөй, бул болжолдуу үстүбүздөгү жылдын сентябрынын аягында жүзөгө ашат.

Панкратовдун айтуусу боюнча, мамкомиссиянын функциялары аймактык салык органдарына өтөт. Өлчөмү 500 миң сомго жетпеген Кошумча нарк салыгынын (КНС) ордун райондук бөлүмдөр тургузушат. Бирок, сумма андан көп болсо, чечимди мамлекеттик салык кызматы кабыл алат.

«Мамлекеттик комиссияны жабууга ошол комиссияга карата козголгон кылмыш иштери таасирин тийгизди. Менимче, биз чындыкка жакындап калдык: бул окуяга тиешеси бар фирмалар аркылуу бюджеттен каражаттарды чыгаруу жөнүндө келишим болгон», — деди Панкратов.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы комиссиянын кызматкерлерине карата беш берене боюнча кылмыш ишин козгогон — бул орган бюджеттен жеке компанияларга 847 млн сомдон ашуун каражатты кайтарып берген.

«Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча өкмөткө караштуу комиссия 2016-2018-жылдары жасалма документтерди колдонуп мыйзамсыз аракеттерге барган», — деп айтылат прокуратуранын маалыматында.

ТЕМА БОЮНЧА:

Күндүн саны: Мамкомиссия жеке компанияларга канча акчаны мыйзамсыз кайтарып берген?