КСДП «Атамбаев төңкөрүш даярдоодо» деп жазган бир нече ЖМКнын үстүнөн даттанды

Сүрөт: КСДП

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин партиясы ЖМКга түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссияга арыз менен кайрылды. Басылмалар өз макалаларында «Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатат» деп жазышкан. КСДПдан бул маалыматты «карандай калп имиштер жана чагымчылдык» деп аташууда.

Партия үч басылманын үстүнөн даттанган:

• «Майдан.kg» — «Атамбаевдин Сокени кулатуу үчүн 20 миллион доллары — чынбы же жомокпу?» деген макаласы үчүн;

NazarNews — «Атамбаев төңкөрүшкө даярдануудабы?» деген макала үчүн;

Kyrgyztoday — «Атамбаев 30дай таасирдүү чүйлүк азаматка сый тамак берип: “Жазга даярдангыла!” дептир» деген макала үчүн.

Kyrgyztoday басылмасынын макаласы жөнүндө партиядан Атамбаев эч кандай «чүйлүк азамат» менен жолугушпаганын жана автор экс-президентке таандык деп жаткан сөздөрдү «ойдон чыгарылган» деп айтышты.

«Ошол эле учурда макаланын автору Атамбаев жазында кандайдыр бир чечкиндүү кадамдарга барат деп кыйыткан. Мындай өңдүү башка макалалардын контекстинде да ал Атамбаев тарабынан жаңы революция болуп кетиши ыктымалдыгы жөнүндө ишарат кылган. Бирок Атамбаев мындай ойлордун чыгуусуна бир да себеп берген эмес», — деп айтылат КСДПнын билдирүүсүндө.

Партиядан белгилешкендей, «Майдан.kg» гезитинин журналисттери да Атамбаевге айтылбаган сөздөрдү айтты деп жазышкан.

«[Атамбаев] “карылыкка жеткенден көрө Ак үйдүн алдында Сооронбай Жээнбеков менен атышып өлгөн артык” деп билдирген имиш. Макалада ал бул нерсени кай жерде, качан жана кимге айтканы да жазылган эмес. [...] Мындай нерселерди кеңири жазууга мүмкүн эмес, себеп дегенде жогорудагы “цитата” карандай калп болуп саналат», — деп түшүндүрүштү КСДПдан.

Экс-президенттин партиясынан кошумчалашкандай, Атамбаев мамлекеттик төңкөрүшкө даярданууда деп ырастаган NazarNews сайтынын макаласы эч бир факт менен тастыкталган эмес.

КСДП бул макалалардын бардыгынын «булагы» «бир эле адам» деп эсептейт, ал эми алар өздөрү «коомчулуктун пикирин адаштыруу боюнча» кампаниянын бир бөлүгү.

«Кеп биздин элди бөлүп-жарууну көздөп, акы төлөнгөн пропагандалык кампания жөнүндө болуп жатат», — деп билдиришти КСДПдан.

«Клооптун» кабарчысы «Майдан.kgнин» редакциясы менен байланыша алган жок. Ал эми Kyrgyztoday менен NazarNews басылмасынын редакциялары суроолорго почта аркылуу жооп берүүнү убада кылышты. Макала жарык көрөөр алдында аталган ЖМКлардан жооп келген жок.

Kyrgyztoday сайтынын негиздөөчүсү Бегалы Наргозуев — качкын президент Курманбек Бакиевдин «Ак Жол» партиясынан мурда Жогорку Кеңешке депутат болуп барган.

«Майдан.kg» газетасынын башкы редактору Нургазы Анаркулов 2017-жылга дейре «Ата-Журт» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү жана анын пресс-катчысы болуп турган.

ЖМКга түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссия КСДПнын арызын изилдеп чыккандан кийин басылмалардын журналисттери кандай этикалык жоболорду бузушкандыгы жөнүндө (эгер алар жобону бузушкан болсо) чечим чыгарат. Бул чечимди комиссия кыргыз басылмаларына таратат. Ал эми басылмалар өз кезегинде аны жарыкка чыгарышат. Комиссиянын чечими эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес.

Алмазбек Атамбаев өз президенттиги учурунда «ар-намыс жана кадыр-баркка шек келтирүү» боюнча «Заноза» басылмасынын түзүүчүлөрү Дина Масловага, Нарын Айыпка жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы бир нече сот отурумдарын жеңип алган.

Жоопкерлер Атамбаевге 30 млн сом компенсация төлөп бериши керектелген. Сот аткаруучулары карыз үчүн Нарын Айыпка батиринин үчтөн бирин жана Жакупованын Ысык-Көлдөгү коттежин сатыкка чыгарууну талап кылышкан.

Бирок 2018-жылдын май айында экс-президент Атамбаев маалымат айдыңында абал «жакшырып» калды деп билдирип, акчалай компансациядан баш тарткан.