«Жалган көрсөтмөлөрүм үчүн кечирим сурайм». Бурулайды ала качууга катышкан Акмат Сейитов күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды

Бишкек шаардык сотунда. Солдон оңго: Марсбек Бөдөшов, Акмат Сейитов. Сүрөт: Бекжан Асылбеков / Kloop.kg

Бурулайды ала качууга катышкан Акмат Сейитов өз көрсөтмөсүн өзгөртүп, күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын досу, кызды ала качуу жана өлтүрүү боюнча айыпталган Марсбек Бөдөшов өз көрсөтмөсүн өзгөрткөн жок. Бурулайдын иши боюнча Бишкек шаардык сотунда апелляциялык отурум кандай өткөнүн айтып беребиз.

Бурулайды ала качууга катышкан делип айыпталып жаткан Акмат Сейитов көрсөтмөсүн өзгөртүп, күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, ал Бөдөшов Бурулайды никеге туруу үчүн ала качканы жатканын билген эмес.

«Жалган көрсөтмөлөрүм үчүн кечирим сурайм. Соттон [ала качууда] жок болчумун деп айткам, бирок бар болчумун. 27-май күнү жумушта болчумун. Жумуштан келсем досум Марс Бөдөшов сүйлөшкөн кызы менен жолугуп келели деди», — деп айтты ал шаардык сотто.

Буга чейин Сейитов Бурулайды ала качууга катышкан деген айып менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. Бурулайдын иши боюнча алгачкы териштирүүлөрдүн учурунда Сейитов күнөөсүн мойнуна албай жаткан.

Ал эми Бурулайдын өлүмүнө айыпталып аткан Марсбек Бөдөшов күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, кийинчерээк кайрадан көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

«Менин көрсөтмөлөрүм мурдагы бойдон калды», — деди ал судьяга.

Бөдөшовдун адвокаты Абаскан Көчөрбаев соттон Бурулайдын группалашы Уулбек Таалайбек кызын чакырууну суранды. Жактоочу өз өтүнүчүн маркумдун группалашы биринчи ала качууда болгон жана «негизги күбө» болуп эсептелгендиги менен түшүндүрдү.

Бирок прокурорлор бул суранычка каршы чыгышып, сот маркум менен бирге окуган кызды кийинки отурумга чакырууну чечти. Бурулайдын иши боюнча шаардык соттун кийинки отуруму 28-февралда өтөт.

Бишкектин Свердлов райондук соту 2018-жылдын 11-декабрында Бөдөшовду Бурулайды нике туруу үчүн ала качкандыгы жана мыкаачылык менен өлтүргөндүгү боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Андан тышкары, сот аны маркумдун үй-бүлөсүнө 800 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

Бөдөшов сотто өлтүрүү боюнча күнөөсүн мойнуна албай, анын чечимине макул эместигин билдирген. Анын айтымында, кызды өлтүрүп жаткан учуру эсинде жок.