Сиз өлтүрдүңүзбү кызды? — Эсимде жок. Бурулайды өлүмү боюнча сотто айыпталуучу көрсөтмө берди

Бөдөшов сот залындагы темир тордун артында. «Азаттыктын» видеосунан скриншот

Марсбек Бөдөшов сотто күнөөсүн четке кагып, өлтүрүү учуру «эсинде жок» экенин айтууда. Бурулай ала качуу аракетинен соң Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычак жеп каза тапкан.

Кыздын өлүмүнө айыпталып аткан Марсбек Бөдөшов 28-ноябрда сот жыйынында билдиргендей, Бурулайга бычак сайылган маалда Жайыл райондук милиция бөлүмүндө өзүнө эмне болуп кеткендиги жөнүндө «эч нерсе эсинде» жок экенин билдирди. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысы кабарлады.

Бөдөшов ал күнү кечинде жанында бычак болгон эместигин айтып, күнөөсүн мойнуна алган жок.

Анын айтымында, ал маркумдун үй-бүлөсүн 10 жылдан бери тааныйт. Бөдөшов Бурулай менен үч жыл сүйлөшүп жүргөнүн, бирок аны үй-бүлөсү алардын мамилесине каршы болушканын айтууда.

«[Бурулай] апам башка күйөө берем деп жатат деди. Же Марсты, же мени танда дептир. Жолугушкум келген, бирок Бурулай апам чыгарбай жатат, телефонду алып алды деди», — деп билдирди соттолуучу.

Ал май айынын аягында, тагыраагы кыз кайтыш болгон күнү классташы Акмат Сеитов экөө Бурулайды ала качып, Сосновка айылында аларды жол инспекторлору токтотуп, үчөөнү тең Жайыл районунун милиция бөлүмүнө алып барышканын айтып берди.

«Башында баарыбызды бир бөлмөгө киргизишти. Анан кайра экөөбүздү сыртка чыгарышты. Мен "Бурулайга кирип, сүйлөшүп чыгайын" деп сурансам эч ким уруксат берген жок. Эшик ачык туруптур, кирдим. Ошол убакта бирөө сөгүнүп өтүп кеткен. Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин», — деди Бөдөшов.

30 жаштагы Марс Бөдөшов 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызын ала качуу жана өлтүрүү боюнча, ал эми анын классташы Акмат Сейитов кыз ала качууга катышууга айыпталууда. Бөдөшов 9-октябрда соттун биринчи жыйынында ала качуу боюнча гана күнөөсүн мойнуна алган. Ал эм Сейитов өз күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Май айынын аягында Бөдөшов Бурулайды үй-бүлө куруу максатында зордоп ала качып кеткен. Буга чейин да ал маркумду ала качканы менен кыздын үй-бүлөсүнүн суранычы боюнча кайра жеткирип берген.