Депутаттар батыш өлкөлөрүнүн визалары бар чет өлкөлүктөр үчүн визасыз режим киргизүүдөн баш тартышты

Иллюстративдүү сүрөт / Mir24.tv

Эл өкүлдөрү АКШ, Жапония, Улуу Британия жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн визалары бар чет өлкөлүктөр үчүн визасыз режим жөнүндө мыйзамдан баш тартышты. Анын ордуна алар визасыз режимди башка жети өлкөнүн жарандары үчүн киргизүүнү сунушташты. Алардын ичинде Монтенегро, Аргентина жана Андорра бар.

Жогорку Кеңеш 28-февралда үчүнчү окууда Монтенегро, Андорра, Аргентина, Бразилия, Сан-Марино, Чили жана Оман өлкөлөрүнүн жарандарына Кыргызстанга келүү үчүн виза талап кылынбаган мыйзам долбоорун кабыл алышты. Ушул жети өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим президент Сооронбай Жээнбековдун жактыруусунан кийин иштеп баштайт.

Башында мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешев учурда колдорунда АКШ, Жапония жана Евробиримдиктин визасы бар чет элдиктер үчүн визасыз режим киргизүүнү сунуштаган.

«Биз башка өлкөлөргө эгемендиктин бир бөлүгүн берип жаткан жокпуз, биз мындай кадам менен өзүнүн финансылык жактан камсыздалганын тастыктаган, чет элдик атайын кызматтар тарабынан текшерилген, өнүккөн өлкөдө жашап калбаган чет элдиктерди тарткыбыз келет», — деп жазган Бекешев фейсбук барагында.

Бирок мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда бир катар депутаттар менен ИИМдин жана УКМКнын өкүлдөрү Кыргызстан экстремисттер менен качкындардын агымынан запкы жеп калышы мүмкүндүгүн билдиришкен.

Бирок ага карабастан Бекешев өз демилгесин мындан ары да илгерилетүүнү улантаарын «Клоопко» кабарлады.

Кыргызстанда 45 өлкөнүн жараны үчүн визасыз тартип иштейт. Алардын ичинде Орусия, Украина, Түркия жана Казакстан бар. Дагы 67 өлкөнүн жараны Кыргызстанга визаны жеңилдетилген тартипте ала алышат.