УКМК бейөкмөт уюмдар тууралуу: «Алар көзөмөлгө алынышы керек, бирок биз тараптан эмес»

Идрис Кадыркулов

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) башчысы Идрис Кадыркулов 24-апрелде парламенттин отурумунда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердиги көзөмөлгө алынууга тийиш, бирок аны УКМК аткарбашы керек деп билдирди.

«Юстиция министрлигинде жалпысынан 32 миң бейөкмөт уюм катталган. Алардын арасында пайдалуу жана пайдалуу эместер бар. Тартип сактоо максатында кайсы бир маморган алар менен иштеши керек», — деп Кадыркуловдун айткандарын «АКИпресс» келтирет.

Ал Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердигине көзөмөл жүргүзө алчу конкреттүү ведомстволорду атаган жок.

13-мартта УКМКнын башчысынын орун басары Орозбек Опумбаев депутаттарга Орусияда бир нече жыл мурда кабыл алынгандай эле бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам жазууну сунуштаган. Бирок анда атайын кызмат уюмдардын ишмердигин кандай чектегилери келип атканы тууралуу так кесе айтышкан эмес.

Кыргызстандын бийлиги ушуга окшогон эле мыйзам долбоорун кабыл алууга аракет кылган, бирок ал бир нече жылдан бери карала элек. Тагыраагы, мыйзам долбоору жүздөн ашык жарандык жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан түшкөн сын пикирлерден улам талкууланбай калган.

ТЕМА БОЮНЧА: УКМК депутаттарга Орусиядагыдай бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам иштеп чыгууну сунуштады