Парламент өкмөттүн 2018-жылга карата иши тууралуу отчётун канааттандырарлык деп тааныды

Мухаммедкалый Абылгазиев. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Жогорку Кеңештин депутаттары Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетекчилиги алдындагы өкмөттүн иши тууралуу отчётту канааттандырарлык деп таануу үчүн добуш беришти.

Бул чечимди 100 депутат колдоп, алардын ичинен бир эл өкүлү каршы добуш берди.

«Кимдерге нааразы болсоңор, алар үчүн кечирим сурайм. Бирге иштешебиз деп үмүттөнөм, биз көп нерсени түшүндүк, реформалар боюнча чоң кадамдарга барабыз», — деди Абылгазиев.

Өкмөттүн 2018-жылга карата ишин парламентте талкуулоо эки күнгө созулду.

Мурдагы өкмөттү жетектеген экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү Сапар Исаковдун өкмөтүн парламент 2018-жылдын 18-апрелинде бир нече сааттын ичинде эле отставкага кетирген.

Ошол эле күнү депутаттар башында Абалгазиев турган учурдагы өкмөттү түзүшүп, ал эми эртеси күнү президент Сооронбай Жээнбеков аны дайындалышы тууралуу жарлыкка кол койгон. Мунун бардыгы Атамбаев менен анын мураскери Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болду.

Кененирээк окуңуз: Өкмөт башчысы Абылгазиев депутаттарга отчёт берди. Кыскача