Бир твит менен: Бишкек мэринин кеңешчиси «ачык» үлпөт кийимин кийбөөгө чакырган депутатка «*уйга» жөнөп кет деди

Гуля Алмамбетова. Сүрөт: 24.kg

«Ачык» үлпөт кийим кийбөөгө чакырган парламенттин депутаты Махабат Мавляновага жооп иретинде Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова «Твиттерде» «пошла нахуй» деп жазды.

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова 19-майда өзүнүн фейсбук барагында кыргыз кыздарына төшү жана далысы ачык үлпөт көйнөктөрүн кийбөөнү сунуш кылган.

«Ата-энелер ушундай той көйнөктөрүн кийүүгө уруксат бербеңиздерчи! Той күнү кайын журтуна биринчи көрүнөт. Ата-энеси, чоң ата, чоң энелер назар салат. Кыргызда кыздар, келиндер, жарым жылаңачтанып кийинген эмес, анын үстүнө үйлөнүү той күнү! Кылымдар карыткан кыргыздын улуу салттарын сактайлы», — деп жазган Мавлянова.

Анын оюнча, кыргыз кыздарына Европа стилиндеги кийимдер жарашпайт жана алар кыргыз салттарына ылайык кийиниши керек.