Ислам Матраимов финполдогу ички иликтөөлөр башкармалыгынын жетекчилигинен кетти

Бул тууралуу 3-июнда парламенттин депутаты и жана Исламдын агасы Искендер Матраимов «Бешинчи каналдын» эфиринде билдирди.

Депутаттын айтымында, Матраимовдун ички иликтөөлөр башкармалыгынын жетекчилик кызматынан кетишине кызыкчылыктар кагылышы себеп болгон.

Ведомство дээрлик беш айдан бери Бажы кызматынын төрага орун басары болуп иштеген Матраимовдордун дагы бир тууганы Райымбектин мүлкүн текшерип жатат.

Финполдун басма сөз катчысы Анастасия Пискур «Азаттыкка» билдиргендей, Матраимов 2019-жылдын февралынан тарта мартка чейин акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө жургөн, ал эми 20-майда ал финполдун башчысынын буйругу боюнча кызматынан четтетилген.

Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү 2019-жылы январда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен башталган. Анда финполдон текшерүүдө кызыкчылыктар кагылышы болбошун билдиришкен, себеби текшерүү ишин Исламбек Матраимовго байланыштуу болбогон бөлүм алып барып жаткан.