Видео: Керебеттин жетишсиздигинен улам бала бакчадагы балдар жерде уктап жатышат

Нарын облусунун Куланак айылындагы бала бакчада 120дан ашык бала тарбияланат. Бала бакчада керебет жетишпегендиктен балдардын көбү жерде уктоого муктаж.

Бул видеотасманы Kloop.kgнин редакциясына Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылынын жашоочусу жиберген.

Анда тарбиячылар жерге төшөк салып, балдарды жаткырып, алар ойгонгондон кийин кайрадан жыйнап жаткандыктары тартылган.

Гигиенаны сактоо максатында шейшептер ар бир балага өзүнчө бекитилген.

Калган убактыларын балдар ошол эле уктаган бөлмөдө өткөрүшөт.

Автор: Бекболот Рахатбек уулу