Видео: Бишкектеги тропикалык көпөлөктөрдүн көргөзмөсү

Тропикалык көпөлөктөрдүн көргөзмөсү Бишкекте үчүнчү жолу өтүп жатат. Бул жолкусунда программанын негизги коноктору дүйнөдөгү эң чоң көпөлөктөр болушту.

http://www.youtube.com/watch?v=E_CFp8umDGk

Көргөзмөнүн уюштуруучусу Денис Бельскийге мындай иш-чараларды өткөрүү идеясы АКШдагы көпөлөктөрдүн көргөзмөсүн көргөндөн кийин келген.

«Идея Американын түштүк штаттарында жүргөндө келген, ал жактан көрүп алдынкы идеяларды алып келүү чечимине келгенбиз, алгач Орусияга, андан кийин Кыргызстанга алып келдик. Биздин пикирибизде бул өтө кызык, өзгөчө жана кооз, адамдарга жагат. А биздин жашообузда кооздуктар өтө эле аз да», — деп эсептейт Бельский.

Мындагы көпөлөктөрдүн баары тең дүйнөнүн ар кайсы жеринен алынып келинген.

«Красноярск крайында көпөлөктөрдү өстүрө турган фермабыз бар. Албетте анда бардык түрүн өстүрбөйбүз. Калгандары Филиппины, Индонезия, Кариб аралдары же Англиядагы фермалардан сатылып алынган», — деди уюштуруучу.

Анын айтымында, көпөлөктөрдүн базардагы чекене баасы 35 доллардан 100 долларга чейин, ал эми личинкаларыныкы 6 доллардан 15 долларга чейин.

Алынып келинген көпөлөктөр түрүнө жараша  жаратылышта бир жума, а Кыргызстандын шартында болгону 3-4 гана күн жашайт.

Көпөлөктөр анча узак жашабаганы менен өздөрүн коргой алышат – алсак, Калиго деген көпөлөктөр учуп баратканда чалкасынан болуп, үкүнүн көздөрүнө окшогон канаттарынын сырткы бетин көрсөтүшөт. Мындай аракеттери менен алар душмандарын коркутуп оолактатышат.

Уюштуруучулар көргөзмөгө эң чоң көпөлөктү алып келишкен, анын шилтенген канаттары 25 сантиметрди түзөт.

Көпөлөктүн бул түрү Атлас деген аталышын көмкөрүлүп турган асманды кармап турган байыркы грек титанынын урматына алган. Атлас көпөлөктөрү көбөйүү үчүн жашайт — анча узакка созулбаган жашоосунда алар түнкүсүн гана активдүү болуп, эч нерсе жешпейт.

Көпөлөктөр ширелер менен же минералдык заттар бар суюктуктар менен тамактанышат.

Көргөзмөдө ошол эле жерде личинкадан көз жоосун алган сулуу көпөлөккө айланып, өсүп жаткан көптөгөн көрүнүктүү, кооз жана өзгөчө көпөлөктөрдү көрүүгө болот.

Авторлор: Нуржамал Жаныбекова жана Дарина Манасбекова