Жалпы республикалык тестирлөөнүн ийгилик сыры эмнеде?

Ушул жылы Ош шаарындагы үч миңден ашуун окуучу жалпы республикалык тест тапшырып, алардын 210у гранттык орунга ээ болушкан. Тестти ийгиликтүү тапшыруунун сырларын мектеп окуучусу Назгүл Орзиева изилдеп көрдү.


Тема боюнча:


Жаңылай Абдыкадырова 11-класстын окуучусу, учурда жалпы республикалык тесттен (ЖРТ) жакшы балл алууну максат кылып жатат. Келечекте юрист кесибин аркалоону  каалайт.

Жаңылай Абдыкадырова
Жаңылай Абдыкадырова

«Мен тестке даярдануу максатында кошумча ийримдерге барып жатам. Менин оюмча, кошумча билим алуунун пайдасы көп. Себеби, билбеген нерселериңди үйрөнөсүң, эсиңен чыгып калган темалар эсиңе түшөт. ЖРТ башталганга чейин ийримдерге барамын деген үмүттөмүн», - деди Жаңылай.

Чет тили мугалими Айнура Абдыжапарова окуу борборлоруна барбай эле ЖРТ экзаменине даярданса болорун айтат.

«Учурда 10-11-класстын окуучулары Оштогу бир катар окуу борборлоруна барып, ЖРТга даярданып жатышат. Менин оюмча, окуучу ошол жакка барбастан эле өз алдынча даярданса болот. Себеби алгебрадан, кыргыз тилинен мектепте эле өтүлүп жаткан программалар келет. Окуучу 5-класстан баштап окуп, фундамент кылса болот. Баланын нары жагынан жок болсо, кантип окуп жатышат?» - деп суроо салат Абдыжапарова.

Айнура Абдыжапарова
Айнура Абдыжапарова

Анын пикиринче, окуучулар мода катары окуу борборлоруна барышат.

«Сентябрдан апрелге чейин программалар толук түрдө өтүлбөйт да. Окуучулар убакытты кетирүү үчүн жана ата-эненин акчасын коротуу максатында барышат деп ойлойм. Эгерде адамдын өзүндө болсо, ЖРТга даярдоочу тесттерди алып, түшүнбөй калган жерлерин мугалимге келип жардам сураса, жардам берет. Окуучулардын көбү китеп окубайт. Аларга окуу борборлоруна баруу "мода" катары болуп калганбы, башкалар барса, мен каламбы деген түшүнүк болуп калган», - деген пикирде Абдыжапарова.

11-класстын окуучусу Бермет Акылбек кызы ЖРТ экзаменинен тынчсызданганын билдирет. Ал учурда кошумча ийримдерге барып жатат.

Бермет Акылбек кызы
Бермет Акылбек кызы

«Мен үчүн 2014-жыл өтө олуттуу жыл болот, ЖРТ тапшырабыз. Тесттин жыйынтыгын угуу мени азыртан толкундантып жатат. Жакшы баа алып, бюждеттик орунга жетүү үчүн азыртан ийримдерге барып жатам.  Себеби аң-сезимибиз өсүп, көптөгөн жаңы маалыматтарды үйрөнөбүз», - деди Бермет.

Өз алдынча даярданып жаткан Жумагүл Нурмаматова кошумча илимий жана көркөм китептерди окууну сунуштайт.

«ЖРТ окуучулардын аң-сезимин текшерет. Алгебра жана кыргыз тили сабагы боюнча суроолор берилет. Ошондуктан биз эки эле сабактан даярдансак, тесттен жогорку балл алабыз деп ойлойбуз. Бул туура эмес. Кыргыз тилинен суроолор берилет дегени, тест кыргыз тилинде өтөт дегенди түшүндүрөт. Алгебра болсо окуучулардын логикасын текшерет. Ошондуктан, көркөм жана илимий китептерди көп окуш керек деп ойлом. Эң негизгиси, адам өзүнө ишенүү менен кадам таштоосу керек», - деген пикирде Жумагүл.

Жалпы республикалык тест жөнүндө Оштогу «SECOM» билим берүү борборунун мүдүрү Сардарбек Каипов менен маектештик.

Сардарбек Каипов
Сардарбек Каипов

Кыргызстанда канча жылдан бери ЖРТ жүргүзүлүп жатат?

- Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан бери уюштурулуп келатат. Учурда бардык университеттерге тесттин жыйынтыгы аркылуу кире алышат. Бул ыкманын киргизилгени жакшы болду. Азыр бизде, коррупциясыз, окуучулар билими аркылуу жогорку окуу жайларына өтө алышат. Натыйжада чектөөлөр азайып, мүмкүнчүлүктөр көбөйүүдө.

Тесттин негизги максаты эмнеде?

- Мунун бир өзгөчөлүгү - мектептеги билимди тереңдетип, турмушта кандай колдонуу жолдорун сураган экзамен жана билим менен чектелип калбастан, убакыт менен жарышууну үйрөтөт.

Тест кимдер тарабынан түзүлөт?

- Тест борборубуз Бишкектеги «Акселс» уюму тарабынан түзүлөт. Тестти окуу борборлору түзбөйт.«Акселстин» мугалимдери түзүп, жоопторун сыртка чыгарышпайт. Бишкектеги Чынара эже менен байланышканыбызда, жооптору бөлөк, суроолору бөлөк банктын ячейкасында сакталып, экзамен бүткөндөн кийин окуучулар белгилеген тест менен салыштырылат деп ишендирген. Бирок, көз менен көрбөгөнүм үчүн билбейм.

Айылдан тапшыргандар үчүн тест жеңил болобу?

- Айылдагы окуучулар үчүн балл кошулбайт, бирок жеңилдиктер көп болот. Шаар мектептеринен деңгээли айылдарга караганда жогору болгондуктан суроолору да жогору болот.

Өткөн жылы тест жеңил болгон, ал эми быйыл оор болот деп жатышат, ушул туурабы?

- Быйыл оор болушун айтыш кыйын. Бүтүрүүчүлөрдүн саны көп болгондуктан, тест оор болушу керек. Бул замандын талабы.

Эң жогорку балл канча?

- Былтыр 230 баллдан ашкан окуучулар президенттин алдына барып, алтын сертификаттарын алышкан. 90 суроо кыргыз тили жана адабияттан. Алардын ичинен: 30 аналогия, 30 текст менен иштөө, 30 грамматика; алгебрадан 60 суроо, жарымы салыштыруу, окшоштуктар, теңдемелер, жармы логикалуу. Өзү эң жогорку балл 248 же 250. Буйруса, май айынын акыркы жумасында ЖРТ өткөрөбүз.

Ушул жылы Ош шаарындагы 3117 окуучу жалпы республикалык тест тапшырып, алардын 210и гранттык орунга ээ болушту. Шаарда жалпы 50 миңден ашуун окуучу билим алат.

Автор: Назгүл Орзиева
Сүрөттөр автордуку
Редактор: Гүлзат Газиева