Пара алып жаткан жеринен оорукана директору кармалды

11-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан пара алып жаткан жеринен Нарын облусунун Ат-Башы райондук ооруканасынын директору кармалды.

Медициналык мекеменин башчысы өз иш бөлмөсүндө акча алып жатканда кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, оорукананын директору медайымдын милдетин аткаруучудан анын ал кызматка алынышы үчүн акча сураган.

Пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды.