Видео: Салык кызматчысынын «пара» менен кармалышы

28-ноябрда Салык кызматынын Чүй облусундагы Сокулук райондук башкармалыгынын кызматкери 10 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган — бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалган адам жеке ишкердин мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүгүн жоюу үчүн пара талап кылган.

УКМК ага каршы Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «кызмат абалын ашыкча пайдалануу» жана «пара талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кармалган салыкчы эң көп дегенде 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында камакта.

Тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Автор: Нуржамал Жаныбекова