Бишкектик журналист Владимир Цайды акыркы бир айдын ичинде эле Бейшеналиева көчөсүнүн Чүй проспектиси менен кесилишкен жеринен үч жолу милиция кызматкерлери токтотушкан. Үчүнчү жолку «документ текшерүүнү» ал камерага тартып алууну чечкен…
Жыйынтыгы көпкө күттүргөн эмес: камераны, журналисттин күбөлүгүн жана документтерин көрсөтүү талаптарын уккан милиция кызматкерлери дароо эле унчукпастан кетип калышкан.
Сизди көчөдөн милиция кызматкерлери токтоткон учурлар болду беле? Алар сизге эмне дешти эле? Жыйынтыгы кандай болду эле? Материалдын төмөнкү жагындагы пикир калтыруу бөлүмү аркылуу өз тажрыйбаңыз менен бөлүшүңүз.
Автор: Бектур Искендер