Видео: Оштун мэрин шайлоо «добуш берүүнүн сырын бузуу» менен өткөн

YouTube сервисинин Акжол Бердиев аттуу колдонуучусу Ош шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшү тартылган видеону жүктөгөн. Анда Ош шаардык кеңешинин депутаттары бюллетендерди урнага таштаганга чейин «Республика» фракциясынын лидери Арфидин Алановго өкүлүнө көрсөтүп жаткандыктары тартылган.

Оштун мэрин шайлоо 15-январда өтүп, оппозициянын Ош мэриясынын имаратынын алдындагы ири нааразычылык акциялары менен коштолгон.

Анда кеңештеги 45 депутаттын 25инин добушуна ээ болуп бийликчил талапкер Айтмамат Кадырбаев жеңишке жеткен.

Мурунку мэр, оппозиционер Мелис Мырзакматов «Улуттар биримдиги» партиясынын жакынкы күндөрү эле Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициясын жетектеп тургандыгына карабастан 19 эле добушка ээ болгон.

Интернетке 29-январда чыккан видеого ылайык, депутаттардын көбү бюллетендерин урнага таштаганга чейин Ош шаардык кеңешиндеги «Республика» фракциясынын лидери Арфидин Алановго көрсөтүшкөн.

Азырынча видеодо көрсөтүлгөндөр боюнча комментарий алуу үчүн Алановдун өзу жеткиликсиз болууда.

«Республика» — Ош шаардык кеңешинде 2013-жылдын аягында түзүлгөн жаңы бийликчил көпчүлүк коалициянын курамындагы беш партиянын бири.

Оппозиция бийликтегилердин шайлоонун алдындагы аракеттерин сынга алышкан.

Алсак, «Улуттар биримдиги» Бишкектеги борбордук бийлик алардын депутаттарына басым жасап жаткандыгы жөнүндө бир нече жолу билдирип даттанган.

Автор: Бектур Искендер