Видео: Казак студенттери Назарбаевдин кайрылуусуна карата сүйүүлөрүн билдирип жатышат

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 18-январь күнү кезектеги жолу калкка кайрылуу (мындан ары Казакстанда «кайрылуу» сөзү баш тамга менен жазылат) жасаган. Ал эми эл арасындагы түрдүү топтор ага жооп катары өлкө башчысынын кайрылуусунда сүйлөгөн сөзүнүн текстин колдоп акцияларды өткөрүп жатышат.

«Азаттык» радиосунун казак кызматы Сейфуллин атындагы Казак агротехникалык университетинин студенттери тарабынан Назарбаевдин кайрылуусун колдоп уюштурулган флешмобу тууралуу видео тарткан.