Видео: Ысык-Ата районунун милиция кызматкери пара алгандыгы үчүн камалды

Ушул жылдын үчүнчү февраль күнү Ысык-Ата районунун милиция капитаны жыйырма миң сом пара алгандыгы үчүн кармалды.

К.Р.М аттуу милициянын капитаны Чүй облусунун ири мүйүздүү мал уурдаган эки тургунун жоопкерчиликке тартпаш үчүн ур-токмокко алып алтымыш миң сом талап кылган.

Жеке кароодо анын жанынан эки ширеңке кутусунда ток жашыл өңдөгү өзгөчөлөнгөн жыттагы жыйырма грамм салмагында гашиш табылган.

Азыркы убакта ага каршы Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 313 (пара талап кылуу) беренеси менен кылмыш иши козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.