Видео: Балыкчыда милиционерди өлтүргөндөр батир тоноп качып жүрүшкөн

Балыкчыда милиция кызматкерлерине каршы ок аткан Заур Магомедов менен Бердимурад Арчаев Бишкектеги батирлердин биринен 50 миң доллар уурдап, сот адилеттигинен качып жүргөндүктөн улам каршылык көрсөтүшкөн — бул тууралуу борбордук милициядан билдиришти.

Магомедов менен Арчаев Жаңы жылдын алдында Бишкектеги батирлердин биринен 50 миң АКШ долларын уурдап кетишкен — бул тууралуу Kloop.kgге Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айбек Жайлообаев билдирди.

Мындай маалыматты милицияга уурулукка шектелип кармалган Рустам Бурканов деген адам билдирген. Тергөө анын аталган батир тоноого катыштыгы бар экендигин билдирүүдө — анын батиринде мылтык, ок-дарылар, чөнтөк телефондор, жасалма сакал, сим-карталар жана бир нече паспорт табылган.

«Биз [...] алардын телефондорун тыңшаганбыз, көрсө алар телефондорун туугандарына таштап, өзүлөрү Ысык-Көл облусуна кетип калышыптыр», — деп билдирди РИИБи башчысынын орун басары.

Милициянын версиясы боюнча, шектүүлөр уурдалган акчага БМВ үлгүсүндөгү кара унааны сатып алышкан. Кийин, 9-февралда алар дал ошол унаа менен Балыкчыдан чыгып келе жатышып милициядан качып кетүүгө аракет кылып, Жол кайгуул кызматынын тескөөчүлөрүнө ок чыгарышкан. Анын жыйынтыгында милиция кызматкерлеринин бири көз жумган.

Ошол эле күнү аларды колго түшүрүү боюнча Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Магомедов менен Арчаев жок кылынган — милициянын билдирүүсү боюнча, анда шектүүлөр «активдүү каршылык көрсөтүшкөн».

Учурда аларды өлтүрүүнүн мыйзамдуулугу боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө. ИИМ болсо кылмышкерлердин өлтүрүлүшүн «легитимдүү» деп атап жатат.

Автор: Кубан Макешов