Жол кайгуул кызматкери «Мицубиси» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунан документин сураганда ал унаасы менен милиционерди сүзүп, алдынкы бөлүгүнө жабыштырган бойдон качып жөнөгөн.

Окуя февралдын башында болгон, бирок видео интернетке кечээ гана жарыяланды. Анда белгисиз айдоочу унаасынын алдынкы бөлүгүнө жармашкан милиция кызматкерине карабастан куугундан качып бара жаткандыгы тартылган.

Көңүл буруңүздар, видеодо адепсиз сөздөр бар.