Видео: Укук коргоочулар депутат тарабынан Конституциялык палатага басым жасалып жатканын билдиришүүдө

Укук коргоочулар парламент депутаты Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын жогорку соттук органы болгон Конституциялык палатага басым жасап жатат деп эсептешет. Өткөн жылдын декабрында Палата Октябрь райондук сотунун судьясына каршы козголгон кылмыш ишинин Башкы прокуратура тарабынан тергөө үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жөнөтүлүшүн конституциялык эмес деп тапкан.

Бирок Текебаевдин пикири боюнча, Палатанын бул чечими туура эмес болгон. Ал бул тууралуу билдирүүсүн ЖМКлар аркылуу тараткан. Ал билдирүүдөн кийин Конституциялык палатага Башкы прокуратуранын аракетин эмне себептен конституциялык эмес деп тапканы боюнча түшүндүрмө берүүгө туура келди. Укук коргоочулар бул депутаттын басымынын астында болгон деп эсептешет жана Палата өзүнүн аракеттери боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү эместигин билдирип жатышат.