Видео: Жеке акча алмаштыруу жайларында сомдун курсу турукташты

Бишкектин жеке акча алмаштыруу жайлары АКШ долларын кечээкиге караганда арзаныраак — бир долларды 55-56 сомдон сата башташты.

Улуттук валюта өз позициясын жеке акча алмаштыруу жайларында бекемдеди — учурда анын долларга болгон наркы 55-56нын айланасында турукташты.

Акча алмаштыруу жайларынын ээлери видеокамерага сүйлөп берүүдөн баш тартып жатышты. Анткен менен Kloop.kgнин кабарчылары менен сүйлөшүүлөрүндө кескин валюталык секириктерден улам кирешелери азайганын айтып даттанышууда.

Акча алмаштыруу жайларында сомду долларга алмаштыргысы келген жарандардын кезек күтүп тургандарын дагы деле байкаса болот, бирок алмаштыруу жайларынын ээлеринин айтымдарында, кечээ доллардын кескин кымбаттап кетишинен улам пайда болгон ажиотаж тынчыды.

Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, доллардын сомго болгон расмий курсу 53,96ны түзүп, кечээтен бери өзгөргөн эмес.

Kloop.kgнин кабарчылары доллардын наркынын өзгөрүшү боюнча шаар тургундарынын пикирин билүү үчүн Бишкектин жашоочуларынын бир нечесине кайрылышкан:

Сомдун наркынын кескин төмөндөшү

Жеке акча алмаштыруу жайлары 3-мартта бир АКШ долларын 58 сомдон сатып башташкан. Ошол эле маалда кыргыз валютасынын расмий курсу да бир доллар үчүн 53, 96 сомго чейин жетип, тарыхтагы эң төмөнкү көрсөткүчүнө жеткен.

Сомдун долларга карата расмий курсу 28-февраль, 1-март күндөрү кескин төмөндөп кеткен — улуттук валюта долларга карата 1,52 сомго  арзандаган.

Жеке акча алмаштыруу жайлары буга 3-мартта таасирленишип, бир күндүн ичинде эле бир АКШ долларынын баасы 56 сомдон 58 сомго чейин жогорулаган.

Ушундай эле ылдамдыкта евро да кымбаттап, расмий курсунун 74,36 сом болгонуна карабастан жеке акча алмаштыруу жайларында бир евро 80 сомго чейинки чекке жеткен.

Улуттук банктын маалыматтары боюнча, улуттук валютанын наркы акыркы бир нече жылдан бери мынчалык төмөн түшө элек болчу — 2011-жылдын мартынан баштап 2014-жылга чейин анын курсу бир доллар үчүн 47-49 сомдун айланасында кармалып келген.

2014-жылдын алгачкы эки айында эле АКШ доллары дээрлик 5 сомго же 10 пайызга чукул кымбаттаган.

Улуттук банк сомдун кунунун түшүп кетишинин себеби катары сырткы факторлорду — Орусия аскерлерин Крым жарым аралына киргизгенден кийинки Украинадагы каатчылык экенин айтууда.

Орусия-Украин араздашуусу орус рублинин курсунун кескин төмөндөшүнө алып келип, ал өз кезегинде сомдун наркына таасирин тийгизген.

Автор: Хлоя Гейне