Видео: Жол кырсыгынан кийинки талаш меселелерди кантип чечүү керек?

Унаа сүйүүчүлөр жол кырсыгынан кийин көпчүлүк учурларда талаш-тартыштарга туш болушат. Kloop.kgнин кабарчысы айдоочулар ортосундагы андай сүйлөшүүлөрдүн бирине күбө болду.

Жол кырсыгы 1-апрель күнү эртең менен Коёнкөзов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон — «Хонда» үлгүсүндөгү унаа «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү кымбат баалуу жолтандабас менен сүзүшүп, анын арткы бамперин чийип кеткен.

«Хонданын» айдоочусу күнөөсүн мойнуна алып, берки айдоочунун унаасын тааныштарына оңдотуп берүүнү сунуштаган.

Бирок «Тойотаны» башкарып бара жаткан кыз аванс катары 500 доллар жана эң кымбат сервис-борборлордун биринде оңдотуп берүүсүн талап кылды.

Жол кырсыгынын катышуучулары бул талаш маселени кантип чечиши керек эле? Жолдогу талаш-тартыштарды сиз кандай чечесиз? Өз окуяңызды же пикириңизди макаланын төмөн жагындагы пикир калтыруу бурчуна калтысаңыздар болот.

Автор: Владимир Цай