Видео: Бишкекте унаа токтотуучу жайлар мыйзамсыз иштетилүүдө

Kloop.kgнин кабарчысы таксисттердин ЦУМдун (Борбордук универсал дүкөнүнүн) алдына унааларын токтоткон айдоочулардан мыйзамсыз акча алып жаткандыктарынын күбөсү болду. Мэриянын токтомуна ылайык, февралдан тарта Бишкектеги унаа токтотуучу жайлар бекер болуп калган.