Видео: Бишкек музейи бекер киргизиши керек болгон ачык эшик күндөрү билет сатып жатат

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи ачык эшик күндөрү — 7-8-апрелде билет сатып жатат. Көрүүчүлөрдү театрлар менен музейлерге бекер киргизүү жөнүндөгү буйрук кечээ маданият министрлиги тарабынан чыгарылган болчу.

Мекеме кызматкерлери Kloop.kgнин кабарчыларын музейге бекер киргизүүдөн баш тартышып, билет сатып алып же болбосо мекеменин жетекчилиги менен сүйлөшүүнү өтүнүштү.

Көркөм сүрөт музейинин директорунун орун басары Виктор Шевчук Kloop.kgге берген маегинде мекеменин жетекчилиги бекер киргизүү тууралуу министрликтен буйрук албагандыгын айтты.

«Азыр кеп буйрукта деле эмес, а музейге бекер кирүү үчүн келген адамдардын нааразы болуп жаткандыктарында. Ушул жагымсыз карама-каршылыктуулукту жаратып жатат», — деди ал.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн азырынча маданият министрлиги жеткиликсиз болууда.

Авторлор: Владимир Цай жана Хлоя Гейне