Видео: Маданият ишмерлеринин «өкүрүк» коштолгон акциясы

Кыргызстандын маданият жана чыгармачыл ишмерлери 24-апрель күнү өкмөт үйүнүн алдында өкүрүк менен коштолгон «Кайран заман» акциясын өткөрүштү.

Акция кыргыз салты боюнча каза болгон адамдын жакындары аны жоктоп, өкүрүп ыйлаган учурду элестетти.

Катышуучулардын бири, Кыргызстандын кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шер-Нияз журналисттерге берген маегинде акциянын максаты учурдагы маданият министри Камила Талиевага каршы чыгуу эмес экенин билдирди.

«Бул унутта калган мезгил жөнүндөгү акция. Бул жыйырма жылдын ичинде маданиятка эч көңүл бурулган жок. Бүтүндөй бир муун өсүп жетилди. Бул жазылбай калган сценарийлер, аткарылбай калган ролдор, ишке ашпай калган чыгармачыл дараметтерди жоктоп өкүрүү. Биздин маданиятыбызга калдыктарга кылына тургандай мамиле жасалууда», — деди режиссер.

Авторлор:  Владимир Цай жана Хлоя Гейне