Видео: Түркиянын элчилигинин унаасы жөө адамды сүзүп кетти

Бишкектик айдоочулардын биринин регистратору Түркиянын элчилигинин дипломатиялык номуру тагылган BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын жол чырактын белгиси менен Тынчтык проспектисин кесип өтүп бара жаткан жөө адамды коюп кеткендигин тартып алган.

Видеонун түп нускасы drive2.kg сайтына жүктөлгөн.

Бишкек ШИИБисинен Kloop.kgнин кабарчысына унааны Түркиянын Бишкектеги элчилигинин аскердик атташеси башкарып бара жаткандыгын кабарлашты. Окуя 24-апрель күнү кечинде болгон.

«Унааны айып унаа токтотуучу жайга алып бардык, а айдоочуну кое бердик, анын дипломатиялык кол тийбестиги бар. Жаракат алган адам 4-шаардык ооруканасына жеткирилди», — деп билдиришти ШИИБинин басма сөз кызматынан.

Видеодо BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын Тынчтык проспектиси менен түндүктү көздөй бара жатып карама-каршы тилкеге чыгуу менен жолду кесип өтүп бара жаткан жөө адамдардын бирин коюп кеткендиги даана көрүнүп турат.

Жөө адамдар жолду уруксат берилген жерден кесип өтүп бара жатканы менен видеодо алар жолдун ортосуна жеткенде жол чырак кызыл күйүп калганын байкоого болот.

Түркиянын элчилигинен Kloop.kgнин кабарчысына унааны чынында эле алардын дипломатиялык кызматкери башкарып бара жаткандыгын ырасташты, бирок окуя боюнча кененирээк түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Автор:  Тилек Бейшеналиев