Видео: Бишкектин мэри активисттердин Жеңиш аянтын жакшыртуу акциясын колдоду

Бишкектин бийлиги жаздын башталышында эле Жеңиш аянтын жакшыртуу боюнча акцияларга кошулган. Ал эми ыктыярчы активисттер тарабынан аянка жаңы отургучтар орнотулган 27-апрель күнү аянтка мэр Кубанычбек Кулматовдун өзү барды. Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жарандык коомчулуктун буга чейинки демилгелеринин кпчүлүгү борбордук мэрия тарабынан каршылык көрсөтүүлөргө дуушар болуп келген.

Активист Айбек Баратов тарабынан түзүлгөн ыктыярчылардан турган топ 27-апрель күнү Жеңиш аянтын жакшыртуу боюнча акциянын алкагында андагы бардык отургучтарды алмаштырып чыгышты.

Топ тарабынан зарыл болгон 60 миң сомдун толук чогулбагандыгына карабастан акция белгиленген күнү өткөрүлдү.

Жеңиш аянтындагы отургучтарды алмаштыруу маалында ал жакка Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов келип, шаар бийлиги шаардыктардын мындай акцияларын колдой тургандыгын ырастады.

Видео: Кулматов, Баратов жана ыраазы болгон пенсионерлер менен маек:

Баратов отургучтарды алмаштыруудан сырткары өз каалоосу менен Жеңиш күнүн майрамдоого чейин Жеңиш аянтындагы чырактарды алмаштырууну пландап жатат. Ал үчүн активист дагы деле шаардыктардан жардам суроодо.

Бишкек мэриясы акцияны муниципалитеттен өз кызматкерлерин бөлүп берүү менен колдогон, алар чырактар үчүн зымдарды алмаштырууга жардам берип жатышат.

Бишкекти жакшыртуу боюнча өткөргөн акциялары менен белгилүү  болгон Баратовдун демилгелери буга чейин шаардык бийлик тарабынан колдоого ээ болбой келген.

Анын буга чейинки демилгелеринин көбү тескерисинче, шаар бийлигинин — анын ичинде мурунку мэр Иса Өмүркуловдун командасынын сынына кабылып, ортодо карама-каршылыктар жаралып турган.

Авторлор: Ринат ТухватшинНурмухаммед Атамбаев жана Бектур Искендер