Видео: Ош шаардык прокуратурасынын жумушчусунун «пара» менен кармалышы

29-апрель күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ош шаардык прокуратурасынын 300 доллар өлчөмүндөгү пара талап кылууга шектелген улук прокурорунун кармалышы тартылган видеону таратты.

Башкы прокуратуранын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, шектүү С. Р. ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 28-апрель күнү Ош шаардык прокуратурасынын имаратынан кармалган.

Көзөмөл органы билдиргендей, кармалган улук прокурорго карата кылмыш иши болжол менен ал 300 АКШ долларын талап кылган аялдын арызы боюнча козголгон.

«Пара» аялды көмүскө жайларды уюштуруу фактысы боюнча Түркиянын укук коргоо органдарынын алдындагы жоопкерчиликтен сактап калуу үчүн талап кылынган.

«Эгер акча бербесе ал материалдарды аксакалдардын сотуна берип, анын ар-намысына доо кетире турган маалыматтарды тарата тургандыгын айтып коркуткан», — деп жазылган Башкы прокуратуранын пресс-релизинде.

Ош шаардык прокуратурасынын улук прокурору 15 000 сом өлчөмүндөгү «пара» алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.