Бишкектеги "Урбан Форум"

"Бишкек Урбан Форум" - бул борбордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө арналган алгачкы талкуу аянты. Талкуу учурда Бишкектеги Улуттук китепканада жүрүүдө.

«Урбан Форумдун» башкы темасы — шаарды жаңы, заманбап жана шаардыктарга ылайыкташтырылгандай кылып кантип өзгөртсө болот.

Иш-чаранын жүрүшүндө транспорт түйүндөрүнүн өнүгүшү, кичи райондор, шаардын борбору жана жашыл аянттарындагы көйгөйлөргө арналган бир нече сессия мерчемделген — ал талкуулар чет элдик эксперттердин катышуусунда өткөрүлөт.

Ошондой эле Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун сөз сүйлөөсү күтүлүүдө. Ал өз шаарын 10 жылдан кийин кандай көрө тургандыгы жөнүндө айтып берет.

«Бишкек Урбан Форумдун» экинчи бөлүгү да Улуттук китепканада 7-июнда өтөт.

«Бишкек Урбан Форумунан» түз эфир (убактылуу токтотулду):

Биздин кабарчыбыз Виталий Белошапкин Бишкекте пайда болушу мүмкүн болгон имараттардын үлгүлөрүн сүрөткө тартты.

Келечектеги бизнес-борборду мына мындай көрүшөт:foto-2«Ак-Ордо» конушунда мына мындай имаратты көргүлөрү келет:foto-3Эбегейсиз чоң аквапарк:foto-4Поезддерди мына мындай футуристтик темир жол бекетинен жөнөткүлөрү келет:foto-1Түз алып көрсөтүүнүн биринчи бөлүгү: