Видео: Ош-Эркештам унаа жолу 25 күндүк тосулуудан кийин ачылды

Бир айга жакын убакыт буулуп турган Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош-Эркештам жолу, 22-июнь күнү коррупцияга кармалган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан ачылды.

Кан жол финансылык махинациялар менен кармалган парламентарий Ахматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан 27-майдан бери жабык турган.

Алар депутаттын абалынын начарлаганына таянып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып чыгышкан.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов Kloop.kgге билдиргендей, демонстранттар кан жолду өкмөттөн жогорку мартабалуу чиновниктер жана митинге чыккандардын жердеши болуп эсептелген депутат Исмаил Исаков менен жолугушкандан кийин ачышкан.

“Жол сүйлөшүү жолу менен ачылды. Сүйлөшүүнү вице-пермьер-министр Абдрахман Маматалиев, депутат Исмаил Исаков, ӨКМнин башчысы Кубат Боронов жана ИИМ башчысынын орун басары Курсан Асановдор жүргүздү. Алар Келдибековдун тарапташтарын жол ачууга көндүрүштү”, - деди Эржигитов.

Вице-пермьер-министр Абдрахман Маматалиев “Азаттык” үналгысына берген маегинде, бийлик демонстранттардын талабын Ош-Эркештам унаа жолу ачылгандан кийин гана карап чыгарын айткан.

“Алар жолду ачкандан кийин кайрылуусун беришти. Келдибековду үй камагына чыгаруу талабы өзгөрө элек. Биз кайрылууларды тиешелүү органдарга жөнөтөбүз келгенден кийин. Бирок эң негизгиси ошол жолдун ачылышы да”, - деп айткан вице-премьер.

Келдибековдун тарапташтары кан жолду бууп турган убакыт ичинде аларга каршы бир канча кылмыш иштери жана административдик иштер козголгон - алардын бири сүйлөшүү учурунда милиция кызматкерлерине кол салуу үчүн козголгон.

Келдибековдун айыпталышы

Акматбек Келдибековго карата салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда кызмат абалын ашыкча пайдаланган деген айып өткөн жылдын ноябрында тагылган.

Саясатчы Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Ошондой эле ал 2005-жылы «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 млн сом каражатты мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталып жатат.

Андан сырткары Акматбек Келдибековго эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деген айып тагылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Буга чейин башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табылса 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн билдирген.