Видео: We’ll be бий тобунун концерти

Бишкектик We’ll be бий тобу Хип-хоп боюнча дүйнөлүк чемпионатка барууга акча чогултуу үчүн филармонияда концерт берди.

We’ll be бий тобу Хип-хоп боюнча дүйнөлүк чемпионатка Борбордук Азиядагы тандоо турунан өттү. Мелдеш Американын Лас-Вегас шаарында август айында өтмөкчү. Ага барууга акча чогултуу үчүн бий тобу Бишкектеги филармонияда концерт берди.

Топтун мүчөсү Дастан Тилек уулу Kloop.kgге берген маегинде, алардын командасы концерттин алдында ар күнү 6 сааттан машыккандыгын айтты.

“Биз бир жарым ай даярдандык. Машыгуулар кызыктуу болду. [...] Биз азыр Лас-Вегаска барып, өзүбүздүн кыргыз маданиятын хип-хоп түрүндө көрсөтүп беребиз деп үмүттөнүп жатабыз”, - деди бийчи.

Анын айтымында, алар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 100 команда менен жарышууга тийиш.

“Мыкты 16 топко кирүү - бул биздин биринчи максатыбыз. Ушул убакка чейин ал жерде бир канча жолу болгон аябай күчтүү командалар катышышат. Биз жаңы үйрөнчүкпүз, анткени биз тажрыйбабызды бул жерде, Орто Азияда, топтодук”, - деп бөлүштү Тилек уулу.

Хип-хоп боюнча дүйнөлүк чемпионат - бий топтору хореография жана жеке багыттарда жарышкан дүйнөлүк сынак.